Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:24

Самыйкожо: Шакирдин иши кийинки инстанцияда тыкыр иликтениши керек


Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо жазуучу жана публицист Олжобай Шакирди беш жылга абакка кескен Аламүдүн райондук сотунун өкүмү боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал райондук соттун чечимине каршы кийинки инстанцияга арыз берилип, анда иш тыкыр иликтениши керек экенин билдирди.

“Жазуучу эч качан көчөгө төңкөрүш жасабайт. Жасаса көңүлгө, жан дүйнөгө төңкөрүш жасайт. Бул таң кала турган чечим. Олжобай Шакир аянтка чыгып алып келгиле деп ар кандай сөз менен элди үгүттөсө бир жөн. Ошондуктан мындай чечим чыкпашы керек эле”, - деди ал.

14-майда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Адвокаты Акмат Алагушев кийинки инстанцияга апелляциялык арыз бере турганын билдирди.

Олжобай Шакир сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө онлайн митинг уюштуруп, эл менен бийликти диалогго чакыргысы келгенин айтып, коюлган айыпты четке какты.

Ал 2023-жылы 23-августта кармалып, ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Былтыр 6-декабрда ага айыбы угузулган. Прокурор Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.

Жазуучу коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2023-жылы 31-августта онлайн митинг өткөрүү тууралуу демилге көтөргөн. Мындай аракети калайман башаламандык уюштурууну билдирбесин айткан.

Олжобай Шакир 2017-жылы “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтын негиздеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG