Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Психиатр Виктор Франклдын белгилүү эмгеги кыргыз тилинде чыкты


Австриялык психиатр, философ, Вена логотерапия мектебинин негиздөөчүсү Виктор Франклдын “Жашоонун маңызын издеген адам” аттуу китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

Автордук укукту “Китепстан” басма үйү сатып алып, миң нускада чыгарды. Китепти кыргызчага Айсулуу Тынышева которгон.

“Китепстандын” жетекчиси Бакытбек Абдуллаевдин айтымында, Франклдын бул чыгармасы психологияга кызыккандар үчүн маанилүү эмгек. Андан окурмандар өзүн түйшөлткөн көп суроолорго жооп тапса болот. Китеп сатыкка жакынкы күндөрү чыгат.

Еврей тектүү психиатр Виктор Франкл 1942-жылы үй-бүлөсү менен Гитлер башында турган фашисттик режим тарабынан камакка алынган. 1945-жылга чейин Освенцим (Аушвиц), Дахау, Терезенштад, Тюркхайм нацисттик лагерлеринде азаптуу күндөрдү баштан кечирген. Акыркысында ич келте оорусун жугузуп алып аман калган.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктары менен Венага кайтып келген Франкл үй-бүлөсүнүн баары нацисттик лагерлерде каза болгонун билген. 1946-жылы немис тилинде “Концентрациялык лагердеги психиатрдын тажрыйбасы” деген эмгегин тогуз күн ичинде жазып бүтүп, анонимдүү жарыялаган. Бул китеп анын концентарциялык лагерлердин биринде өрттөнүп кеткен логотерапия тууралуу илимий ишинин уландысы болгон.

Франкл анда лагердеги туткундардын психологиялык абалына байланыштуу байкоолорун баяндап, адамды өлүмдөн сактап калган ички эрктин кудуретин сүрөттөгөн.

Китеп жарык көрөрү менен окурмандардын колдоосуна ээ болгон. 24 тилде чыгып, дүйнө боюнча 12 миллион нускадан ашык сатылган. Англис тилине 1959-жылы “Жашоонун маңызын издеген адам” деген аталышта которулган.

Логотерапия мектебинин негиздөөчүсү Франкл адамдын жашоосунун маңызы Зигмунд Фрейд ойлогондой кумарга батуу же Альфред Адлер айткандай бийликке, күчкө умтулуу эмес, өтөлгөлүү өмүр сүрүү экенин далилдей алган. Азап жашоонун ажырагыс бөлүгү экенин, адам ага сынбай күрөшкөндө жана кылган аракетине жоопкерчилик ала билгенде гана кыйынчылыктарга моюн сунбасын белгилеген.

“Жашоонун маңызын издеген адам” - көпчүлүк психологдор стресстен жапа чегип, депрессияга кабылган кардарларына сунуштаган эмгектердин бири. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG