Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

НАТО: Украина үчүн 100 млрд евролук беш жылдык фонд түзүү сунушталды


Кришьянис Кариньш.
Кришьянис Кариньш.

Украина үчүн 100 миллиард евролук беш жылдык фонд түзүү НАТОго мүчө мамлекеттердин украин бийлигине көрсөтүп жаткан жардамын координациялоону жакшыртарын 4-апрелде “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде Латвиянын тышкы иштер министри Кришьянис Кариньш билдирди.

Министрдин айтымында, бул Москвага НАТОнун ички биримдигин көрсөтүүчү далил да болот.

Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттарынын жолугушуусунда бул сунушту ишке ашыруу планы талкууланды.

Азыркы учурда өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу бир жолку жардам түрүндө гана болуп жатканын белгилеген Кариньш "жардамды Украинанын муктаждыктарына жана НАТО боюнча союздаштардын кол астындагы ресурстарына жараша координациялоо үчүн ушундай ыкма жакшыраак болорун” белгиледи.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда "Украина. 2024-жыл" форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG