Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

АКШ жана Финляндия "маалыматтык бурмалоого" каршы чогуу күрөшүүнү макулдашты


Энтони Блинкен жана Элина Валтонен.
Энтони Блинкен жана Элина Валтонен.

Кошмо Штаттар жана Финляндия "чет мамлекеттердин маалыматтык бурмалоосуна каршы күрөшүү" жаатында биргелешип кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу 4-апрелде АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен Брюсселде өтүп жаткан НАТО саммити алкагында жолугушуу өткөрүп, ушул багыттагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту.

Меморандумда эки өлкө "чет мамлекеттер маалыматты бурмалап жатканы тууралуу кабар болсо ич ара бөлүшүп туруу, бурмаланган маалыматтын жайылышына каршы алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүү" жана бул багыттагы саясатты АКШнын тийиштүү концепциясына ылайык жүргүзүү тууралуу макулдашты.

Валтонен журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "маалыматтын бурмаланышы демократиялык өлкөлөр жана ачык коом үчүн коркунуч жарата баштаган көйгөй" экенин белгиледи.

Орусия менен чектеш Финляндия өкмөтү 2022-жылы февралда Москва Украинага кол салган күндөн тартып АКШ менен кызматташтыгын кеңейтүүдө. Былтыр декабрдан бери эки өлкө коргоо, киберкоопсуздук, санариптештирүү, "таза технологиялар" тармагындагы кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюшту. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG