Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

Зеленский Орусия агрессиясы үчүн жообун аларын жана алып жатканын айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын агрессиясы жоопсуз калбашы керек экенин жана алар жообун алып жатканын кезектеги, 2-апрелдин кечиндеги видео кайрылуусунда айтты. Орусияны террорчулукка айыптаган Зеленскийдин мындай билдирүүсү Татарстандын эки шаарындагы дрон чабуулунан кийин жасалды:

"Орусиялык террорчулар өзүлөрү жасап жаткан соккулар үчүн жообун алганы маанилүү. Алар жообун алып жатат. Улам барган сайын алыскы аралыкка чейин... Муну камсыз кылган бардык украин аскерлерине ыраазычылыгымды айтам. Орусиянын “согуш машинасы” жана бул агрессияга тиешеси бар адамдардын баары агрессиясы жоопсуз калбай турганын сезиши керек».

2-апрелде Орусиянын курамындагы Татарстанда Украинага каршы чабуулдарда колдонулуп жаткан учкучсуз учактар өндүрүлөрү айтылган ишканаларга сокку урулган. Бул күнү Татарстан республикасынын аймагы биринчи жолу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылган.

Бутага Елабуга жана Нижнекамск шаарлары алынып, жети киши жараат алган. Елабуга шаарында жабыркагандардын бири 17 жаштагы кыргыз жараны экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирген.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан тартып Татарстандагы "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагында ирандык “Шахед” чабуул коюучу дрондору "Герань-2" деген аталыш менен чыгарыла баштаган. Аларды "Алабуга Политех" коллежинин студенттери чогултары "Протокол" басылмасынын жана "РЗВРТ" Ютуб-каналынын журналисттери жүргүзгөн биргелешкен иликтөөдө айтылган.

Былтыр күздөн тартып Орусия Украинага каршы бул дрондордун кеминде 600үн колдонгону айтылууда.

Украина Татарстандагы чабуулдарга тиешеси бар же жогу тууралуу расмий комментарий берген жок.

Орус бийлиги Украинага кол салуусун "атайын операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG