Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Назарбаевдин тууганы сотто коюлган айыпты моюнуна алды


Кайрат Сатыбалдыулы (Сатыбалды) сот залында. Архивдик сүрөт.
Кайрат Сатыбалдыулы (Сатыбалды) сот залында. Архивдик сүрөт.

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин инисинин уулу, бир катар коммерциялык жана улуттук ишканаларды жетектеп келген Кайрат Сатыбалдыулы (Сатыбалды) кылмыштуу жол менен тапкан акчаны адалдаштыруу аракети жөнүндөгү кылмыш иши алкагында коюлган айыпты моюнуна алды.

Иш бүгүн 1-апрелде борбор калаа Астананын кылмыш иштери боюнча район аралык сотунда карала баштады.

Судьянын прокуратура койгон айып боюнча суроосуна жооп берип жатып Кайрат Сатыбалдыулы коюлган айыпты толук бойдон моюнуна аларын айтты.

Анын адвокаттары айыпты моюнга алуу жана мыйзамсыз активдерди кайтарып берүү түрүндөгү процессуалдык келишим түзүү өтүнүчүн келтиришкен. Бүгүнкү отурумда судья бул өтүнүч боюнча маселени чечүүгө убакыт берди.

Кайрат Сатыбалды «Казахтелеком» жана «Транспорттук сервис борбору» компанияларынан ири суммада акча уурдаган деген шек менен 2022-жылы март айында кармалып, ошол эле жылдын сентябрь айында алты жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылдын декабрында ал түрмөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу өтүнүчүн келтирлен, бирок сот андай чечимге али эрте деген жүйө менен бул суранычты кароодон баш тартып койгон.

53 жаштагы Кайрат Сатыбалды — Нурсултан Назарбаевдин 1981-жылы автокырсыкта каза болгон иниси Сатыбалды Назарбаевдин уулу.

2018-жылы казакстандык Forbes журналы Кайрат Сатыбалдыны Казакстандагы эң бай 50 бизнесмендин тизмесине киргизген, анын байлыгы 163 миллион доллар деп бааланган.

Кайрат Сатыбалды Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин кадр кызматын жетектеген, Астана акиминин орун басары, «Казахойл» жана «Казахстан темир жолы» компанияларынын вице-президенти болгон. 2010-2015-жылдары жакын тууганы, ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев негиздеген «Нур Отан» (2022-жылы «Аманат» деп аталган) партиясынын катчысы болуп иштеген. Кийин бир катар коммерциялык ишкананы жетектеп, «Казахтелеком» улуттук телекоммуникациялык компаниясынын акцияларынын ээси болгон.

Назарбаевдин дагы бир инисинин уулу Самат Абиш өткөн айда сегиз жылга соттолду, бирок жаза чарасы түрмө эмес, шарттуу түрдө чегерилди. Прокуратура 2022-жылдын кандуу Каңтар окуясы боюнча «кызмат абалынан аша чапкан» деп айыпталган мурдагы жетекчини сегиз жылга кесип, 10 жыл айрым кызматтарды ээлөө укугунан ажыратууну, бирок жаза чарасын пробациялык негизде шарттуу түрдө чегерүүнү өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG