Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Украинанын айрым аймактары дрон чабуулунан кийин электр жарыгысыз калды


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Украина 25-мартка караган түнү да Орусиянын дрон чабуулуна кабылганы маалымдалды. Сокку өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына урулганын, бир нече аймак электр жарыгысыз калганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Украинанын түштүк аймагындагы Николаев шаарында учкучсуз учактардын соккусунан 11 жай тургун жараат алганын, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары тийген бир нече үй талкаланганын мэр Александр Сенкевич Telegram каналына жазды.

Николаев облустук аскердик башкармалыгынын башчысы Виталий Ким Shahed дронунун айынан энергетикалык объектилердин биринде өрт чыкканын билдирди.

Кара деңиздин жээгиндеги порт шаары Одессада да орусиялык учкучсуз учактардын соккусунан электр энегриясы өчүп калганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер Telegram каналына жазды. «Энергетикалык инфраструктурага зыян тийди. Одессанын бир бөлүгүндө электр жарыгы жок. Бардык ыкчам кызматтар иштеп жатышат», - деди ал.

Соңку күндөрү Орусия Украинанын аймактарына чабуулдарын күчөттү. 23-мартта Киев бийлиги 1 миллионго жакын жай тургун электр энергиясы жок отурганын маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG