Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:35

"Крокус Ситиден” жабыркагандардын баары эвакуацияланды


"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл.
"Крокус Сити Холл" концерттик залы кол салуудан кийин, 22-март, 2024-жыл.

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуядан каза болгондордун саны алтымыштан ашты. Жабыркагандар 100дөн ашат.

Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев "Крокус Ситидеги” өрт дээрлик өчүрүлгөнүн, эртең менен имараттын үстү кулап түшүп, учурда куткаруучулар иштеп жатканын билдирди. Воробьевдун айтымында, 115 адам ооруканага жаткырылды, анын бешөө балдар.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандар катары 99 кишини тизмектеди. Эртең менен "Крокус Ситиден” бардык жабыркагандар эвакуацияланды.

Орусиянын Тергөө комитети “теракт” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Орусиялык басылмалар кол салууга шектүү машинеге отуруп, из жашырып кеткенин жазышты. Тергөө комитети журналисттерге бул “алдын ала маалымат” деп комментарийледи.

Орус президенти Владимир Путин кандуу окуя боюнча үн ката элек. Айрым маалымат агенттиктери вице-премьер министр Татьяна Голиковага таянып, “президентке кырдаал боюнча маалымат берилгенин, ал жабыркагандардын сакайып кетишин каалаганын” жазып жатышат.

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. "Ислам мамлекети" (Орусияда жана башка бир катар өлкөлөрдө террористтик деп таанылган) радикал уюму "Крокус Сити Холлго" кол салууну өз моюнуна аларын жарыялады. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай электигин эскертебиз.

XS
SM
MD
LG