Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

ТИМ: "Крокус Сити Холлдогу" эки кыргыз жараны боюнча маалымат такталган жок


Russia - OMON security forces outside Crocus City Hall where gunmen opened fire at concert - screen grab
Russia - OMON security forces outside Crocus City Hall where gunmen opened fire at concert - screen grab

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги менен бирге Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандар арасындагы кыргыз жарандары жөнүндө тактоо иштерин улантып жатканын билдирди.

“Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жабыр тарткандардын алдын ала тизмесиндеги Кыргыз Республикасынын эки жараны жөнүндө маалымат такталган жок. Министрлик жана элчилик окуяга көз салууну улантат”, - деп айтылат билдирүүдө.

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кандуу окуяда кеминде 60 адам каза болгонун, 100дөн ашуун киши жарадар экенин билдирди. Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду.

"Ислам мамлекети" (Орусияда жана башка бир катар өлкөлөрдө террористтик деп таанылган) радикал уюму "Крокус Сити Холлго" кол салууну өз мойнуна аларын жарыялады. Бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай электигин эскертебиз.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG