Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

"Путинге каршы чак түш": Акция Орусиянын аймактарында, чет өлкөлөрдө уланды


Бүгүн, 17-мартта Орусиянын президентин шайлоодо “Путинге каршы чак түш” акциясы Орусиядан башка өлкөлөрдөгү добушканаларда өтүп жатат. “Свобода” радиосу жазгандай, түшкө жуук Казакстандын Астана шаарындагы орус элчилигине жана Алматыдагы добушканага келгендерден кезек күткөндөр 500 метрге чейин жеткен.

Акцияны утурлай Армениянын борбору Еревандагы добушканада кезек күткөн шайлоочулар 600 метрге чейин жеткенин “Дождь” телеканалы жазып чыкты.

Грузия Орусия менен дипломатиялык алака түзүүнү колдобогону үчүн ал жакта добушканалар ачылган эмес. Бул күнү Тбилисидеги орусиялыктар плакаттарды кармап митингге чыгып, Орусиядагы саясий туткундарды бошотуп, президент Владимир Путинди жоопко тартууну талап кылышты.

Добуш берүү Украинанын орус күчтөрү басып алган аймактарында да өтүп жатат. “Астра” каналы Донецк облусундагы шайлоонун сүрөттөрүн жарыялады. Бул шаар үчүн согуш узакка созулуп, февраль айында украин күчтөрү бул калааны таштап кеткен. Шаар дээрлик толугу менен талкаланган.

SOTA телеграм-каналы катталуучуларынан келген видеого таянып, “Путинге каршы чак түш” Ташкентте жана Тайланддагы Банкок шаарында болгонун жазды.

Орусиянын аймагындагы добушканаларда да түшкө чукул добуш берүүгө келгендердин саны көбөйгөнү байкалды. “Свобода” жазгандай, Омск, Томск, Челябинск, Пермь, Екатеринбург жана Санкт-Петербургда кезек күтүүлөр пайда болгон.

Акцияга катышарын Орусиянын Бишкектеги элчилигиндеги добушканага келген бир топ орус жарандары да билдиришти.

Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, кезек күткөндөр элчилик жайгашкан Манас көчөсүнөн Киев-Исанов көчөсүнө чейин созулду.

Орусия президентин шайлоодо үчүнчү күн добуш берүү уланып жатат. 15-мартта башталган шайлоо 17-мартта аяктайт. Мунун алкагында Кыргызстанда төрт жерде - Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында добушканалар ачылган.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин негизги атаандашы болот деп айтылып жаткан Борис Надеждинди талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бул чечимди кийин өлкөнүн Жогорку Соту да кубаттаган.

Көз карандысыз байкоочулар жана эксперттер Орусияда акыркы жылдары өткөн шайлоолор акыйкатсыз болду деген баа беришкен. Биринчи жолу үч күн уланган бул жолку шайлоо да дээрлик атаандашсыз жана эркин эмес шартта өтүүдө.

XS
SM
MD
LG