Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:26

Орусиядагы шайлоо: Бишкекте добуш бергени келгендер түшкө жуук көбөйдү


Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында добуш берүү үчүн кезек күтүп турган жарандар. 17-март, 2024-жыл.
Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында добуш берүү үчүн кезек күтүп турган жарандар. 17-март, 2024-жыл.

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Орусиянын элчилигине добуш берүү үчүн келгендер түшкө жакын көбөйгөнү байкалды. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, кезек күткөндөр элчилик жайгашкан Манас көчөсүнөн Киев-Исанов көчөсүнө чейин созулду.

Орус оппозициясы Орусиядагы президенттик шайлоодо Путиндин саясатына каршы тарапкерлерин добушканаларга чак түштө, саат 12ге келүүгө чакырган. Бул өнөктүктү “Путинге каршы чак түш” деп аташкан. Бишкектеги добушканага келгендердин басымдуу бөлүгү дал ушул акцияга катышуу үчүн келгенин “Азаттыкка” билдирди.

Алар Путинге каршы добуш бере турганын, “бюллетендерди жараксыз кылууга аракет жасай турганын” белгилешти.

“Биздин добуш шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүп жибербейт дечи, бирок биз жок дегенде аракет кылып жатабыз. Бизге жаркыраган, боордош элине согуш ачпаган өлкө керек”, - деди акциянын алкагында добуш берүүгө келген орусиялык жарандардын бири.

Добуш берүү үчүн кезек күтүп турган орусиялык жарандар.
Добуш берүү үчүн кезек күтүп турган орусиялык жарандар.

Бүгүн, Орусия президентин шайлоодо үчүнчү күн добуш берүү уланып жатат. 15-мартта башталган шайлоо 17-мартта аяктайт. Мунун алкагында Кыргызстанда төрт жерде - Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында добушканалар ачылган.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы Владимир Путиндин негизги атаандашы болот деп айтылып жаткан Борис Надеждинди талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Бул чечимди кийин өлкөнүн Жогорку Соту да кубаттаган.

Көз карандысыз байкоочулар жана эксперттер Орусияда акыркы жылдары өткөн шайлоолор акыйкатсыз болду деген баа беришкен. (KS/TAb)

XS
SM
MD
LG