Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Эки айда Баткен облусуна 108,5 млн сом берилди


Баткен шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан берки эки айда Баткен облусуна мамлекеттик бюджеттен 108,5 млн сом берилди.

Финансы министрлиги 15-мартта кабарлагандай, январь, февраль айларында бюджеттер аралык трансфертке 104,3 млн сом бөлүндү. Анын ичинен теңдөөчү трансфертке - 56,4 млн сом, мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө - 30 млн сом, электр энергия төлөмүнүн 50 пайызына берилүүчү кенемте үчүн 17,9 млн сом берилген.

Облустагы бюджеттик мекемелердин электр энергиясы үчүн төлөмдөрүнө 3,2 млн сом берилди.

Мындан тышкары облустун №34 буйругунун негизинде дагы 1 млн сом бөлүнүп берилген. Маалыматта буйруктун мазмуну тууралуу кабарланган эмес.

Жалпысынан быйылкы январь, февраль айларында Баткен облусуна бөлүнгөн акчанын суммасы 108,5 млн сомду түздү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, Баткенге өзгөчө макамы бар облус катары быйыл мамлекеттик бюджеттен 500 млн сом бөлүнгөн.

2021-жылдын апрели менен 2022-жылдын сентябрында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда кыргыз тараптан жалпысынан жүздөн ашуун жаран жана аскерлер каза тапкан. Жүздөгөн турак жайлар менен социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланган. Он миңдеген кыргыз жарандары үй-жайын таштап кеткен.

Ушундан кийин бийлик Баткен облусуна өзгөчө макам берүүнү чечкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG