Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Орусия: Надеждин президенттикке талапкер болуу укугунан ажырады


Борис Надеждин.
Борис Надеждин.

Орусиянын Жогорку Соту ушул айдын ортосунда өтө турган президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген Борис Надеждиндин апелляциялык арызын карап, андагы өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу Надеждин өзү 4-мартта билдирди.

Жогорку сот 21-февралда Надеждиндин Борбордук шайлоо комиссиясынын аны талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечимине каршы арызын канааттандыруудан баш тарткан. Ал апелляциялык инстанцияга кайрылган.

"Биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырышты, даттануубузду канааттандыруудан баш тартышты", — деп жазды саясатчы Телеграмга.

15-февралда Жогорку Сот Надеждиндин кол топтоочулар боюнча арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Надеждин сотко бир аймакта катталган кол топтоочуларынын каттоосу башка аймактагы шайлоочулардын колун чогултуу укугун коргоп кайрылган. Себеби Борбордук шайлоо комиссиясы ушул себепти жүйө келтирип, "аябай көп чогулган колду" жаратпай – Москвада нотариус аркылуу катталган кол чогултуучунун Хабаровск аймагынан чогултуп барган колдорун кабыл алуудан баш тартканы маалым болгон.

Надеждин кол топтоочулар ар бир аймактан барып нотариус аркылуу катталуусу зарыл деген норма мыйзамда жоктугун, Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укугунан аша чаап жатканын айтып сотко арызданган.

Шайлоо комиссиясынын өкүлү анын мындай позициясын «логикага туура келбейт» деп сындаган.

Надеждин топтогон колдордун арасынан 15% жаратпай коюшканы 5-февралда белгилүү болгон.

Москванын Украинага кол салуусун токтотууга ачык үндөп келген саясатчы Борис Надеждин 110 миңден ашуун кол топтой алганы, бул зарыл болгон 100 миң колдон көп экени маалымдалган.

Анын президенттикке аттанышын Орусиядагы оппозиционер саясатчылар Максим Кац, Михаил Ходорковский жана Кремлдин башкы сынчысы, 16-февралда абакта белгисиз жагдайда каза болгон Алексей Навальныйдын тарапташтары колдошкон. Надеждинди колдогондордон кол топтоо бекеттерине узун кезекке турган адамдардын сүрөт, видеолору социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкуу жараткан.

Президенттик шайлоо Орусияда 15-17-март күндөрү өтөт, ага азыркы президент Путинден башка бир нече талапкер катышат. (RK)

XS
SM
MD
LG