Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Депутаттар кыргыз тилин окутуу үчүн кескин чараларга барууга чакырды


Kyrgyz language textbooks
Kyrgyz language textbooks

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева абитуриенттердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо буйругу жөнүндө парламентте маалымат берди.

Анда министр абитуриенттерди кыргыз тилинен тест тапшырууну милдеттендирген буйругу жөнүндө түшүндүрмө берип, бул жогорку окуу жайларына өтүүдөгү сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбей турганын билдирди. Кендирбаева министрлик кыргыз тили боюнча баскыч-баскычы менен иш жүргүзөрүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Билим берүү министрлигин кыргыз тилин окутууда кескин чараларга барууга чакырып, тил боюнча тесттин жыйынтыгы жогорку окуу жайларына өтүүдө таасирин тийгизиши керектигин айтты.

“Жалпы тест тапшырылат бирок, жыйынтыгы роль ойнобойт деп жатат. Мындай болбошу керек. Өз эне тилибизди өркүндөтөлү десек тесттарди киргизүү керек”, - деди депутат Талант Мамытов.

Спикер Нурланбек Шакиев мектепте 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады.

Кыргызстанда мындан ары жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшырат. Мындай буйрукту министр 7-февралда чыгарган.

Министрлик 2023-жылдын 17-июлунда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилгенин эскерткен.

Былтыр 17-июлда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG