Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Акыйкатчы USAID өкүлү менен жолукканда эрте нике маселесин көтөрдү


Кыргызстанда балдарга жыныстык ыдык көрсөтүүдөн жана эрте нике кыюудан коргоо механизмдерин күчтөндүрүү керек.

Бул тууралуу акыйкатчы Жамила Жаманбаева USAID уюмунун гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча глобалдык улук координатору Жамил Бигио менен жолугушканда айтты.

Омбудсмендин кеңсеси 14-февралда тараткан маалыматка ылайык, Жаманбаева учурда эрте нике кыюуга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууга токтолду. Эрте турмушка чыккан кыздар үй-бүлөдөгү зомбулуктун курмандыгы болоруна мисал келтирип, бул жаатта эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыгуу зарыл экенин кошумчалады.

Жаманбаева азыр Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык Омбдусмен институтунун кызматкерлери зомбулукка кабылган балдардын укуктарын коргой албай турганын билдирди. Мындай маселедеги сот иштери жабык өтөрүн, Акыйкатчы кеңсесинде иштегендерге отурумдарга катышууга уруксат берилбей турганын белгиледи. Мындан улам Кыргызстандын Акыйкатчысы жөнүндө жаңы конституциялык мыйзам долбоору талкууланып жатканын айтты.

Жамил Бигио Кыргызстандын жарандарынын эркиндиктери менен укуктарын коргоого багытталган күч-аракетин колдоорун билдирди. Ал Бишкекте иш сапар менен 7-9-февралда болгон.

2021-жылы Кыргызстандын жаңы Конституциясына ылайык, президенттин аппаратына караштуу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы - Балдар омбудсмени түзүлгөн. Бул кызматты Асел Чынбаева аркалайт.

ЮНИСЕФтин 2018-жылдагы маалыматтарында Кыргызстанда 20-49 жаштагы аялдардын 12,7 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыкканы айтылган. Ал эми 15-19 жашында төрөгөндөрдүн көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнөн Азербайжандан кийинки эле экинчи орунда турат.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын 2022-жылкы кайрылуусунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да билдирген. Ал келтирген маалыматка караганда, 2021-жылы 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага коргонуу ордери берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG