Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Газадагы кырдаал: Блинкендин араб мамлекеттерине бешинчи сапары башталды


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн 5-февралда араб мамлекеттерине кезектеги сапарын баштады. Ал эгер Израил жана ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) ортомчулар иштеп чыккан сунушка макул болсо "Газа секторун калыбына келтирүү, палестин мамлекетин түзүү сыяктуу артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн үстүнөн тез арада иштей баштоо" маселесин талкуулай турганы маалымдалды.

Блинкен аймакта былтыркы октябрдагы окуядан кийин жаралган чыңалуудан берки Жакынкы Чыгыштагы бешинчи иш сапарын Сауд Арабиясынан баштайт.

18-январда Израил келечекте Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жана Газа тилкесиндеги коопсуздукту өзү гана көзөмөлдөй турганын жана АКШнын чакырыктарына карабастан Палестин автономиясынын башкаруусуна макул болбой турганын билдирген. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Газанын «Израил мамлекетин жок кылууга үндөбөгөн, Израилге террористтерди жөнөтпөгөн» жарандык бийлигин тааный турганын кошумчалаган.

Израилдин башкы союздаштарынын бири АКШ палестиндердин өз мамлекети түзүлмөйүнчө бул аймакта тынчтык орнобой турганын белгилеп келет.

Палестиндердин өз мамлекети болмоюнча аймакта туруктуу коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн эмес экенин 9-10-январь күндөрү Түркия, Грекия, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) жана Сауд Арабиясы өлкөлөрүн кыдырып, Израилдин жана Палестин автономиясынын жетекчилиги менен жолуккан Блинкен да айткан.

28-январда Франциянын борбору Париж шаарында АКШ, Катар, Египет жана Израил өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. Анын жыйынтыгында Блинкен Газадагы атышууну токтотуу жана барымтада турган израилдиктерди бошотуу тууралуу келишимге жетишүү ыктымалдыгы жогору экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG