Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Румын армиясынын жетекчиси Орусиянын ыктымал коркунучуна даяр турууну эскертти


Генерал Георгита Влад 1-февралда «Азаттык» радиосунун румын кызматына берген маеги учурунда тартылган сүрөт.
Генерал Георгита Влад 1-февралда «Азаттык» радиосунун румын кызматына берген маеги учурунда тартылган сүрөт.

Румыниянын армиясынын жетекчиси генерал Георгита Влад 1-февралда «Азаттык» радиосунун румын кызматына берген маегинде өлкө тез арада жарандык ыктыярчыларга аскердик машыгуудан өтүүгө мүмкүндүк берген мыйзамдык базаны кабыл алуу зарылдыгын айтты. Ал Орусиянын Украинага каршы согушу жайылып кетсе Румыния ага даяр болушу керектигин кошумчалады.

"Ооба, Румыниянын калкы, Европа Биримдигинин, Европанын бардык калкы сыяктуу эле, тынчсызданышы керек", - деди генерал.

"Жеке мен Орусия Федерациясы ушуну менен [Украинада] токтоп калбайт деп ишенем. Эгер ал Украинада жеңишке жетсе, анын кийинки негизги максаты Молдова болот. Балканда да чыңалууну көрөбүз, мен [Орусиянын] президенти [Владимир] Путин жакынкы келечекте өз саясатын бекемдейт деп божомолдойм".

Орусия 2022-жылдын февраль айында Украинага кенири масштабда басып кирип, согуш коркунучун Румыниянын түндүк жана Кара деңиз жактагы чек араларына жакындаткан.

Румыния 2004-жылы март айында НАТОго киргенден үч жылдан кийин милдеттүү аскердик кызматты жоюп, кесипкөй армия менен резервдик корпусту түзгөн.

Украина менен 650 чакырым чек арасы бар НАТОнун негизги мүчөсү болгон Румыниянын учурда 80 миңдей аскери бар. Былтыр ноябрда румын армиясынын башына келген Георгита Влад азыркы геосаясий кырдаалда аскерлер жетишсиз экенин жана аны эки эсеге көбөйтүү зарылдыгын айткан.

Коргоо министрлиги сунуштаган армия тууралуу мыйзам долбоору Румынияда бул жылы жергиликтүү, парламенттик жана президенттик шайлоонун бир нече айлампасы өткөндөн кийин талкууланат. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG