Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.
Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жарылуудан кийин. 2-февраль, 2024-жыл.

ЖЭБдеги кырсык: Жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат 

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, беш киши жабыркады.ит

  • Оор абалда жаткан эки бейтап дарылануу үчүн Түркияга жиберилди.
  • ЖЭБдин бузулган объектилерин калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.
  • Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБи толук модернизация болорун айтты.
  • Бишкектеги тогуз кичирайонго жылуулук берүү токтотулду.
  • Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.
  • Министр Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген да божомол каралып жатканын айтты.
  • Авариядан беш адам жабыркап, экөөнүн абалы оор.
  • Бишкекте ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилди.
  • ЖЭБдеги кырсык президенттин көзөмөлүндө экенин маалымат катчысы айтты.
  • ӨКМ ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтириле турганын айтты.
  • ӨКМ жылуулук борбордон чыккан өрт толук өчүрүлгөнүн билдирди.
  • Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болду.
10:05 2.2.2024

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык эски бөлүгүндө болду

Энергетика министринин орун басары Насипбек Каримов Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсык борбордун эски бөлүгүндө болгонун билдирди. Бул тууралуу ал 2-февралда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында айтты.

“Авария эски отко казандарында болду. Жаңыланган 3-4-от казандар иштеп жатат. Ошол жаңы жабдыктардын күчү менен иш алып барылууда”, - деди ал.

Энергетика министрлиги Жылуулук электр борборунда 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында авария болгонун кабарлады. Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери авариялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

10:06 2.2.2024

ЖЭБдеги авария: ысык сууга жана жылуулукка чектөө киргизилди

2-февралда Энергетика министринин орус басары Насипбек Керимов ЖЭБдеги авария тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде маалымат берип жатып, авария болжол менен ЖЭБдеги 14-от казанда болгонун айтты. Шаардын жылуулук режимин камсыз кылуу максатында айрым объекттерге ысык суу берүүгө чектөө киргизилген.

"Жылуулук системасын сактап калуу максатында айрым коммерциялык мекемелер, мектеп, бала бакчалардын иши убактылуу токтотулуп, онлайн режимге өттү. Азыр "Бишкек жылуулук электр тармактары ишканасы" система тоңуп калбашы үчун ыкчам чараларга барууга муктаж болуп жатабыз. Калкты электр энергиясы менен камсыздоодо маселе болбойт, электр энергиясы берилет".

10:21 2.2.2024

ӨКМ ЖЭБдин иши беш-жети күндө калыбына келтириле турганын айтты

Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария беш-жети күндө калыбына келтирилет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-февралда "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал кырсыктын толук масштабы такталып жатканын, техникалык бригаданын "алдын ала божомолунда беш-жети күндүн ичинде ишке киргизиле турганын" айтты.

"Жылуулук берүү батирлерде 65-70 градустан 45-50 градуска төмөндөдү. Ошол эле режимде - ушул температура сакталып турат. Санитардык норма боюнча батирлерде 18-21 градус норма деген сакталып турат".

Министр электр энергиясын күчөтүлгөн тартипте өндүрүү боюнча ГЭСтерге команда берилгенин, шаарда электр энергиясы мурдагы көлөмдөн кыйла көбүрөөк бериле баштай турганын кошумчалады. Ал шаарда өзгөчө кырдаал киргизүүгө себеп жок экенин айтты.

10:42 2.2.2024

Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу аталган жайда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу 2-февралдагы чукул маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, учурда кырсыктын себептерин атайын комиссия иликтеп жатат. Министр Бишкек жылуулук борборундагы авариянын кесепетин жоюп, жылуулукту толук берүүгө беш күндөн жети күнгө чейин убакыт керектелерин билдирди.

Бишкектеги бардык үйлөрдө жылуулуктун санитардык нормасы берилип турат. Учурда Бишкек жылуулук борборунда эки блок иштеп жатат. "Бүгүн кечке чейин дагы төрт блокту ишке киргизүүгө аракет көрүлөт”, - деди министр Ажикеев.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG