Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Азия Кубогу: Таркович курама кийинки баскычка чыгат деп ишенерин айтты


 Штефан Таркович
Штефан Таркович

25-январда Азия Кубогунун тайпалык оюндарынын алкагында Кыргызстан Омандын курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович маалымат жыйын өткөрүп, ак шумкарлар эртеңки беттешке даяр экенин айтты:

"Биз башка тайпадагы оюндарга кийлигише албайбыз. Ар бир команда бул мелдеште кийинки баскычка чыгууга жан үрөп жатат. Биз бир гана өзүбүздүн оюнубузга жооп бере алабыз. Бизде аз да болсо мүмкүнчүлүк бар. Болгон күчүбүздү жумшап ойнойбуз. Мен командабыз мелдештин кийинки баскычына чыгарына ишенем".

Омандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Иванко Бранкович Кыргызстан анын командасына тааныш экенин билдирди:

"Кыргызстан курамасы менен ойногон тажрыйбабыз бар, аларды сыйлайбыз. Ооба, Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында аларга утулуп калганбыз. Бирок ал башка турнир болчу, анда жагдай дагы башка эле. Келе жаткан оюндагы жеңиш эки курама үчүн абдан маанилүү, таймаш жеңил болбойт. Ар бир курама кийинки баскычка чыгууну көздөйт, андыктан биз эртең мыкты оюн көргөзгөнгө даярбыз", - деди.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы эки беттеште - алгач Тайланд, андан кийин Сауд Арабиясы курамасына 2:0 эсебинде жеңилди.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойноп жатат. 21-январда бул тайпада Оман менен Тайланддын курамасы беттешип, 0:0 эсебинде тең чыкты. Буга чейин Сауд Арабиясы Оманды 2:1 эсебинде уткан. Учурда эки оюндан кийин алты упай менен Сауд Арабиясы тайпада көч башында келатат. Тайланд курамасында төрт упай бар. Омандын энчисине бир упай тийген. Кыргызстанда азырынча упай жок.

XS
SM
MD
LG