Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Нетаньяху көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү демилгесин четке какты


Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинин аймагында көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү сунушуна каршы экенин жана өз позициясын ал Кошмо Штаттарга жеткиргенин билдирди. Бул тууралуу ал 18-январдын кечиндеги маалымат жыйынында айтты. Буга чейин Кошмо Штаттар, бир катар башка мамлекеттердей эле, Жакынкы Чыгыштагы кризисти чечүүнүн бир жолу катары көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүүнү сунуштап келген.

Нетаньяхунун айтымында, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюму толук жок кылынса дагы Израил Газа тилкесин жана Батыш жээкти коопсуздук максатында көзөмөлдөп турушу зарыл.

"Тактап коеюн, келечекте кандай гана макулдашуу болсо да, болбосо да, Израил мамлекети Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги бардык аймакты көзөмөлдөп турушу керек. Бул зарыл шарт. Бул суверенитет принцибине каршы келет, эми эмне кылабыз",-деди өкмөт башчы.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби Нетаньяхунун сөздөрүн комментарийлеп жатып, Вашингтон менен Тель-Авивдин ортосунда пикир келишпестик бар экенин айтты.

Газа тилкесиндеги согуш 7-октябрда башталган. Буга ХАМАС радикал тобунун Израилдин аймагына кирип барып, 1200дөй кишини жок кылып, 200дөн көп адамды барымтага алышы түрткү болгон. ЦАХАЛ ошондон бери радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аскердик операциясын жүргүзүп келет.

ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, андан бери 23 миң кишинин өмүрү кыйылды. Бир катар мамлекеттер Израилдин соккуларын айыптап, согушту токтотууну талап кылып жатышат. Израилдин өзүндө дагы соңку кездери Нетаньяхуга каршы сындар күч алды. Израилдиктер аны барымтадагыларды бошотуу жана Газанын согуштан кийинки статусу тууралуу эч кандай стратегиясы жок деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG