Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Израил менен ХАМАС гуманитардык жүк боюнча мунасага келди


ХАМАС барымтага алгандардын айрымдары былтыр ноябрда бошотулган.
ХАМАС барымтага алгандардын айрымдары былтыр ноябрда бошотулган.

Израил жана ХАМАС тобу (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) Газа секторунда барымтада кармалып турган израилдиктерге дары-дармек өткөрүп берүү жана бул үчүн сектордун эң көп талкаланган райондоруна гуманитардык жардам жеткирүү тууралуу макулдашууга жетишишти.

Мунасанын табылышына Катар жана Франция өлкөлөрү ортомчу болгону кабарланды.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мажед бен Мохаммед ал-Ансаринин айтымында, Газанын жайкын тургундары үчүн азык-түлүк, барымтадагы израилдиктер үчүн дары-дармек салынган гуманитардык жүк бүгүн 17-январда эки аскердик учак менен Дохадан Египетке жөнөтүлөт, андан ары Газага жеткирилет.

Өткөн аптада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн чалгын кызматы «Моссаддын» башчысы Давид Барнеа Катар бийлигине барымтада тургандарга дары-дармек жеткирүүгө жардам сурап кайрылганын билдирген.

Өткөн жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын кишини барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

Октябрдагы кол салуудан кийин Израил Газа секторунда ХАМАСка каршы аскердик операция баштаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG