Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

KG Group ишканасынан үй алгандар бийлик өкүлдөрү менен жолугушту


KG Group ишканасынан үй алгандар. 16-январь, 2024-жыл.
KG Group ишканасынан үй алгандар. 16-январь, 2024-жыл.

16-январда өкмөт үйүндө президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев KG Group курулуш компаниясынан үй алган адамдар менен жолугушту.

Жыйында Каныбек Туманбаев “ишкана кандай болгон күндө да үйлөрдү толук бүтүрүп, ээлерине тапшыра турганын” айтты.

12-январда Нурдан Орунтаев Бишкекте KG Group ишканасы курган 9 объект бар экенин, анын ичинен үч көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенин, калгандарынын документтери туура эмес болгондуктан дагы деле эксплуатацияга бериле элек экенин билдирген.

Бул ишканадан үй алган бир нече адам 11-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына чогулуп, президент Садыр Жапаровго жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Компаниядан үй сатып алган көп кабаттуу турак жайдын жашоочулары каражатты толук төлөп бергени менен ушул күнгө чейин курулуш иши аягына чыга элек экенин айтышкан.

10-январда УКМК KG Group курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. Видео качан жана каякта тартылганы белгисиз. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде былтыр октябрда кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин 8-декабрда үй камагына чыккан. Азыр кайда экени белгисиз.

Ал УКМКнын маалыматтарынан кийин дагы бир кайрылуу жасап, коюлган айыптарды четке кагып, ал ээлик кылган компания баштаган курулуштарды аягына чыгарып берүүгө аракет кылып жатканын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG