Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

15-январь: 24.kg агенттигиндеги тинтүү, Жапаровдун “кемпирабадчыларга” жообу


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаеваны алып кетип жаткан учур. 15-январь, 2024-жыл
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg агенттигинин башкы директору Асел Оторбаеваны алып кетип жаткан учур. 15-январь, 2024-жыл

15-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

24.kg агенттигинин жетекчилери сурак берди

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg агенттигинин кеңсесин тинтип, басылманын башкы директору Асел Оторбаеваны жана редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарды күбө катары суракка алды. Атайын кызмат тинтүү Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон иштин алкагында жүргөнүн маалымдады. Күч кызматкерлери кеңседен компьютерлерди, ноутбуктарды, электрондук каражаттарды жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдарды алып кетишти. Ниязова иш “Украинадагы согуш боюнча жазылган макалага” байланыштуу экенин айтканга үлгүдү. Былтыр сентябрда Орусиянын Роскомнадзор мекемеси 24.kg сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө бөгөт койгон.

“ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоорун парламент комитети артка кайтарды

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен алынды. Депутат Айбек Осмонов документте талаштуу беренелер көп деген негизде аны кайра иштеп чыгууну сунуш кылды. Депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков да мыйзам долбоору кабыл алынса, сөз эркиндигине кедергисин тийгизе турганын айтышты. Жыйында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баяндама жасап, азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганын, ал учурдун талаптарына жооп бербей калганын айткан. Эл аралык Freedom House уюму 2023-жылкы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын жана аны коргой турганын белгилейт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу парламенттин комитетинде баяндама жасап жаткан учур.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу парламенттин комитетинде баяндама жасап жаткан учур.

Аширалиев өмүрүнүн акырына чейин соттолду

Бишкек шаардык соту үч адамды өлтүргөн деп айыпталган Чынтемир Аширалиевди мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Судьянын чечимине ылайык, ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. Былтыр февралда 51 жаштагы Алтынай Канзаманова аттуу аял, анын 17 жаштагы кызы менен жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери, 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Президент “кемпирабадчыларга” жооп берди

15-январдаПрезидент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камалгандар "кайсы бир элчиликтен акча алышканы" тууралуу өзүнүн Курултайда айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. Мамлекет башчы “Курултайда кайсы бир сырткы күчтөрдөн деп айтам деп, кайсы бир элчиликтен акча алган деп айтып алганын” түшундүрдү. Былтыр 16-декабрда экинчи Элдик курултайда Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берип жатып, "алардын уюштуруучусу чет мамлекеттин элчисинен акча алганын", ошого байланыштуу сот жабык өтүп жатканын айткан. Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып абакта жаткандар “кылмыш ишинин материалдарында Кемпир-Абад окуясына чет мамлекеттин же адамдын катыштыгы бар деген бир да факты же далил жок” экенин билдирип, түшүңдүрмө талап кылышкан.

Украина Орусиянын эки учагын жок кылганын билдирди

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Валерий Залужный украин аба күчтөрү Орусиянын эки учагын жок кылганын билдирди. Маалыматка караганда, алыстан аныктоочу радиолокациялык А-50 учагы жана Ил-22 абадан башкаруучу пункту жок кылынды.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жок кылынганы айтылып жаткан учактар тууралуу кабары жок экенин, Коргоо министрлигине кайрылуу керектигин айтты.

Астанада "Кандуу каңтарда" каза болгондордун жакындары кармалды

Казакстандаын борброру Астанада эки жыл мурунку Январь окуясында каза болгон маркумдарды актоо талабы менен чыккан он чакты демонстрантты полиция кармап кетти. 2022-жылдын башында коңшу өлкөдө социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Президент Касым-Жомарт Токаев “чет жактан үйрөнүп келген 20 миң террорист ири шаар Алматыны басып алганын” айтып, күч органдарына аларды атууга буйрук бергенден кийин кеминде 238 адам өлтүрүлгөнү, алардын 19у тартибин коргоо органдарынын кызматкери экени маалым болгон.

Wildberries өрттөнгөн кампасынын 12 кызматкерин издеп жатат

Орусияда онлайн соода жүргүзүүчү Wildberries компаниясына таандык кампада иштегендердин арасынан дагы 12 киши менен байланышуу аракети уланып жатканы дүйшөмбүдө кабарланды. Кампада иштегендердин бири да дайынсыз катары катталбаганы, бирок алар менен байланышууга мүмкүн болбой жатканы, себеби өрт тутанганда көбү имараттан шашылыш чыгып жатып, чөнтөк телефонун жоготуп же калтырып койгон болушу ыктымал экени айтылды. Санкт-Петербург аймагындагы Шушары кыштагында жайгашкан кампада өрт 13-январда эртең менен тутанган. Жалын 70 миң чарчы метр аянтты каптап, эртеси күнү өчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG