Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Төрөт үйүндө каза болгон келиндин өлүмү иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыкка" ырастады.

Министрликтин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалагынын башкы адиси Раиса Асылбашеванын маалымдашынча, 22 жаштагы келин алгачкы төрөтүнөн кийин көз жумган.

"Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Учурда маркумдун сөөгү кароого жана соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Жыйынтыгы бир айда билинет. Алгачкы маалыматтар боюнча келин төрөткө 34-жумасында - түйүлдүктөрдүн жана өзүнүн абалы оорлоп баратканы үчүн уруксат берилип киргизилген. Кесарево жасалып төрөгөн".

Асылбашеванын маалыматына караганда, төрөлгөн ымыркайлар аман-эсен. Маркум келин борбор шаардын четиндеги жаңы конуштардын биринде жашаган.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял төрөттөн каза болгонун билдирген. 2022-жылы тогуз айда 34 аял төрөттөн каза тапкан.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG