Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:57

Акылбек Жапаров 250 миң жумушчу орун түзүү керек экенин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылы өлкөдө кеминде 250 миң жумушчу орун түзүү керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал 11-январда жумушчу орундарды түзүү маселелеси боюнча мамлекеттик органдар менен өткөргөн жыйында айтты.

Өкмөт башчы тышкы миграциянын агымын азайтуунун негизги жолу адамдарга Кыргызстанда жумуш таап берүү экенин белгиледи.

Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда 70 миңден көп адам жумушсуз. Анын ичинен 43,8% аялдар. Расмий эсепте жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуу элдин санынын 2,6% түзөт.

Жумушсуздук боюнча расмий көрсөткүч менен эл аралык уюмдардын эсебинде дайыма айырмачылык болуп келет. Буга, адистердин айтымында, жумушсуздардын расмий каттоого толук турбаганы себеп. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны эмгекке жарамдуу элдин 9% түзөт.

АКШнын Эл аралык республикалык институтунун (IRI) былтыркы сурамжылоосуна катышкан адамдардын 29% өлкөдөгү башкы көйгөй деп жумушсуздукту көрсөтүшкөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG