Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Министр туристтерди сыйлоого үндөдү


Каракол лыжа базасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Каракол лыжа базасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргызстандыктарга Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Ал Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүү үчүн ириде чет өлкөлөрдөн келген туристтерди, студенттерди сыйлоо зарылдыгын эскертти.

Амангелдиев кайрылуусунда дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттер туристтер эң көп агылган өлкөлөр экенин белгилеп, чет элдик студенттер жана туристтер улуттук экономиканы өнүктүрүүгө негизги инвестор экенин жазды.

"Топ-топ болуп жүргөн индиялык, пакистандык студенттерди же башка туристтерди көрсөк эле сындай баштайбыз. “Каптап кетти, басып кетти, антти-минтти” деп эле интернетке ар кандай сөздөрдү ылгабай жазабыз. Анан эле андай сөздөрдү коштоп киребиз. Ушинтип жерип турсак, анан биздин туризм тармагы кантип өнүксүн, андай нааразы кептерди түшүнгөн чет элдиктер кантип бизге келсин?! Тилекке каршы, бул өтө кейиштүү көрүнүш болуп турат", - деди Амангелдиев.

Туризм департаменти быйыл тогуз айда Кыргызстанга 6 млн турист келгенин билдирген.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, быйыл жайкы сезондо көлдө 1,3 миллиондой киши эс алды.

Негизинен Кыргызстанга туристтер Ысык-Көл облусуна келет. Аймакта 1127 эс алуу жайы бар, алардын 852си Ысык-Көл районунда жайгашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG