Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Белгороддогу аткылоодо каза болгондор 24кө жетти


Белгород 30-декарбдагы аткылоодон кийин.
Белгород 30-декарбдагы аткылоодон кийин.

Белгороддо 30-декабрдагы аткылоодон каза болгондордун саны 24 кишиге жеткенин облус губернатору Вячеслав Гладков билдирди. "Свобода" радиосу жазгандай, соңку маалымат боюнча 108 киши жараат алган. Аткылоодон 37 көп кабаттуу турак жай, 450 батир жана бир катар жер үйлөр жана 50дөн ашык автоунаа зыян тартты.

Гладковдун айтымында, 25 киши оор жараат алды, алар федералдык клиникага жайгаштырылууда.

31-декабрдын таңында Белгороддо абадан эскертүү жаңырып, тургундарга баш калкалоочу жайга жайгашуу тууралуу эскертилди. Орусиянын бир катар шаарлары Белгородго тилектештик билдирип, жаңы жылдык фейерверктерди аттыруудан баш тартты.

Москванын сунушу менен өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында уюмдун баш катчысынын өкүлү Орусиянын жана Украинанын калк жашаган аймактарынын аткыланышын “кабыл алынгыс” деп атады.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя Батыш өлкөлөрүн “кылмыштын катышуучулары” деп мүнөздөдү. Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү Орусия тараптын айыптоосун четке кагып, “эгер Орусия Украинага кол салбаганда, Белгороддогу курмандыктар болмок эмес” деп эскертишти.

Небензянын айтымында, Орусияга канчалык көп коркунуч жаралса, анын берген жообу да ошончолук катаалдашат.

Украин армиясы бул аткылоо тууралуу расмий комментарий бере элек. “Украинская правда” басылмасынын атайын кызматтагы булагы Украинанын күчтөрү орусиялык аскердик обьектилерди бутага алганын, ракетаны орусиялык абадан коргонуу системасы таамай жок кыла албай, анын сыныктары шаар борборуна түшкөнүн билдирген.

"Свобода" жазгандай, 29-декабрда Украина өзүнүн аймагындагы согуш башталгандан бери эң кубаттуу соккуга кабылып, 40ка жакын адам каза болду.

31-декабрдын түнүндө Украинанын бардык аймагында абадан эскертүү берилди. Харьков облусун аткылоодон үч адам каза тапты.

Харьковдо 30-декабрдын кечиндеги аткылоодон 30дай адам жараат алды. 31-декабрда дрондордон урулган соккудан банк бөлүмдөрү, турак жайлар жана административдик имарат зыян тартты.

Америкалык Согушту изилдөө институту 30-декабрдагы баяндамасында белгилегендей, 30-декабрга караган түнү украин күчтөрү Москва, Белгород, Тула, Тверь жана Брянскиге жакын жайгашкан аскердик жана коргонуу обьектилерин көздөй 70тен ашык дронду коё берген. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн талдоочуларынын айтымында, алардын көбү көздөгөн жерлерге тийген.

  • БУУнун маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан тарта бул өлкө аймагында 10 миңдей жайкын тургун каза болду. Өлгөндөрдүн так саны мындан көп. Орусиянын аймагына урулган соккулардан ондогон адамдар каза тапты.

XS
SM
MD
LG