Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Израилдин премьер-министри Газадагы согушту токтото турган үч шартты атады


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израил армиясынын Газадагы аскердик аракеттери токтошү үчүн үч негизги талап аткарылышы керек экенин өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди.

The Wall Street Journal басылмасы жазгандай, Нетаньяху ал талаптар «ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) тобунун жок болушу, аймактын демилитаризацияланышы, палестиналык коомдун дерадикалдашуусу» экенин атады.

Нетаньяхунун пикиринде, ХАМАС жок кылынмайынча ал Израилге кол салуусун уланта берет. Аны жеңиш үчүн аскердик потенциалын жок кылып, Газадагы саясий үстөмдүгүнө бөгөт коюу зарыл экенин белгилеген премьер-министр:

"ХАМАСты жок кылып, Израил эл аралык укук нормаларына ылайык аракеттерин уланта берет. ХАМАСты жок кылуу өтө оор, себеби палестиналык катардагы жарандарды тирүү калкан катары колдонуу анын стратегиясынын негизги бөлүгү болуп эсептелет", — деди.

«Газаны демилитаризациялоо», Нетаньяхунун айтымында, ал мындан ары Израилге кол салуу үчүн колдонулбайт дегенди туюндурат жана жалпы периметринде коопсуздук зоналары түзүлүп, курал-жарак аткезчилигине бөгөт коюлат.

Ал эми «палестиналыктардын дерадикалдашуусу» деген эмнени түшүндүрөрү айтылган жок. Болгону, Нетаньяху, Экинчи дүйнөлүк согушта союздаштардын жеңишинен кийинки Германияны жана Жапонияны айтып өттү.

"Мектептер балдарды өлүмдү эмес, өмүрдү баалаганды үйрөтүшү керек, имамдар жөөттөрдү өлтүрүүгө үгүттөгөндү токтотушу керек. Палестиналык жарандык коомду анын эли террорчулукту каржылап эмес, ага каршы күрөштү колдой тургандай кылып өзгөртүү зарыл", — деди Нетаньяху.

ХАМАС жана "Ислам жихады" топтору Газадагы бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүдөн баш тартканы белгилүү болгон. Мындай сунушту ХАМАС менен Израилдин ортосунда арачылык кылып жаткан Египет киргизген.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.

Жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери, Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG