Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

ХАМАС Газадагы бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүдөн баш тартты


Согуш тутанган жердин жашоочулары.
Согуш тутанган жердин жашоочулары.

АКШ менен Европада террордук уюм деп таанылган ХАМАС жана "Ислам жихады" тобу Газадагы бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүдөн баш тартты. Мындай сунушту ХАМАС менен Израилдин ортосунда арачылык кылып жаткан Египет киргизген. Бул тууралуу Reuters агенттиги Египеттин коопсуздук кызматындагы булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Египет Газада шайлоо өткөрүүнү сунуштап, ХАМАСтын мүчөлөрү куугунтукталбайт деп кепилдик берилерин билдирген. Каирде өткөн сүйлөшүүлөрдө ХАМАСтын өкүлдөрү 7-октябрдагы Израилге кол салуу учурунда барымтага алынгандарды бошотуудан башка эч кандай шартты кабыл албай турганын белгилешкен.

ХАМАСтын талабы боюнча, Израил барымтадагылардын ордуна абакта отурган палестиналыктарды бошотушу кажет.

"Ислам жихады" тобунун өкүлдөрү Reuters агенттигине Газа калкы үчүн гуманитардык жардамды көбөйтүүнү талап кылганын билдиришти. Аталган топ туткундарды алмашуу "баарын баарына" формуласынын алкагында жүргүзүлүшүн талап кылууда. Бул Газада барымтада тургандар бошотулса, Израилдин абактарындагы бардык палестиналыктар эркиндикке чыгарылышы керек дегенди билдирет.

Акыркы маалыматтарга караганда, эки топтун колунда азыр 130 адам бар. Алар 7-октябрда Израилге кол салуу учурунда барымтага алынган.

Египеттин "Аш Шарк" телеканалы өз булактарына таянып, Каир Израил менен ХАМАСка сунуштаган тынчтык планынын айрым деталдарын жарыялады.

Биринчи этапта үч жумалык гуманитардык ок атышпоо режими жарыяланат. Бул аралыкта ХАМАС барымтадагы 40 кишини, Израил абактагы 120 палестиналыкты бошотуп, Газага күйүүчү май жана гуманитардык жардам жеткириши керек.

Экинчи этапта Газадагы кырдаалды калыбына келтирүүгө жана Палестина автономиясынын президенттик шайлоосун өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн өкмөт түзүлөт.

Үчүнчү этап ок атышууну толук токтотууну, бардык туткундалган израилдик аскерлерди бошотууну жана аларды белгилүү сандагы палестиналык туткундарга алмаштырууну камтыйт. Бул этапта Израил армиясы тилкеден чыгып, качкындар үйлөрүнө кайтарылат.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху парламентте сүйлөгөндө 25-декабрда Газага барганын билдирди. Ал ХАМАС тобу толугу менен жок кылынмайынча аскердик операциялар улана турганын айткан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG