Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Өзбекстанды Орусияга кошуу тууралуу билдирүү талкуу жаратты


Захар Прилепин.
Захар Прилепин.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын бул өлкөдөгү элчиси Олег Мальгиновду «Справедливая Россия – За правду» партиясынын теңтөрагасы Захар Прилепиндин өзбек аймактарын Орусияга кошуп алуу тууралуу айткандарына байланыштуу чакырып, сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына 21-декабрда жарыяланды.

Анда Орусиянын өкүлүнө Прилепиндин айтканы Өзбекстанда «өтө тынчсыздануу» менен кабыл алынганы, «мындай ойлонулбаган билдирүүлөр Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаш мамилелердин духуна туура келбей турганы, орус жалпыга маалымдоо каражаттары кеңири жайылтып жаткан билдирүү чагымчыл мүнөздө экени принципиалдуу формада жеткирилгени» айтылды.

«Өз кезегинде элчи Олег Мальгинов Прилепиндин сөзү Орусиянын жетекчилигинин дос жана көз каранды эмес Өзбекстан боюнча расмий позициясына таптакыр туура келбей турганын айтты. Ал Орусия Өзбекстандын суверенитетинен, көз каранды эместигинен жана аймактык бүтүндүгүнөн эч качан күмөн санабай турганын билдирди”, - деп айтылды ТИМдин маалыматында.

Прилепиндин айткандарын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да четке какты. Мекеменин расмий өкүлү Мария Захарова Прилепиндин сөзү анын жеке көз карашы гана экенин жана Москванын расмий позициясын чагылдырбай турганын айтты.

Жакында Прилепин Орусияда “мигранттар менен улам тутанып жаткан конфликттерди жаңы аймактарды, тагыраагы, өзбек жерлерин кошуп алуу жолу менен чечсе болорун” айткан.

«Бизге келип жаткан гастарбайтерлердин жерлерин өзүбүзгө кошуп алып, орус тилине аларды ошол жактан, мисалы, Өзбекстандын өзүнөн эле окутса болоруна ишенем», – деген Прилепин.

Ошону менен катар ал Орусияга Украинадагы согушун жеңгенден кийин Евразия аймагында да “кайсы бир пайдалуу нерселерди жасоого”, мурдагы СССРдин аймагы боюнча дооматын билдирүүгө эч ким тыюу сала албай турганын белгилеп, «Мен тамашалап жаткан жокмун. Биз бул теманы көтөрүп чыгабыз. Биздин эки миллион жараныбыз силердин аймакта болгондуктан биз ошол аймакка талапкер боло алабыз», – деп айткан.

Быйыл августта Госгвардиянын «Оплот» полкунун командиринин орун басары болуп дайындалган Прилепин Орусияда белгилүү жазуучулардын бири, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси. Ал 2014-жылдан бери Украинага кескин каршы экенин билдирип келет жана өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчилдер тарапта согушка дагы катышкан. Быйыл май айында ал кетип бараткан машинада жарылуу болуп, эки бутунан жабыркаганы маалымдалган.

Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жалпысынан миллиондогон жараны учурда Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын айрымдары орус жарандыгын алган.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес... Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан.

2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган.

2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан.

Орусиялык белгилүү саясатчылар Казакстандын да аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген билдирүүлөрдү айткан учурлар болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG