- автор Айбек Бийбосунов
Экинчи Элдик курултайдын биринчи күнүндө делегаттардын көбү аймактардагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүп, президент Садыр Жапаров башында турган бийликке колдоолорду билдирип жатышты. Ошондой эле республикалык деңгээлдеги маселелерди көтөргөндөр да болду. Маселен, өлкөдө кызуу талкууланып жаткан туу маселесине токтолуп, анын өзгөртүүгө каршылыгын бир канча делегат айтты. Мындан тышкары мамлекеттик башкаруудагы алешемдиктерди, миграция, чек ара, кен казуу, экология, жол көйгөйлөрүн, суу-энергетикалык проблемаларды козгогондор да болду. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү.
Жалал-Абаддан келген Элнура Жуманова “Кыргыздын кызымын. Туунун өзгөрүшүнө каршымын!”, - дегенде залдагылар кол чаап, делегаттардын реакциясы тууну өзгөртүүгө көпчүлүк каршы экенинен кабар берди.
Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу болсо, коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын, президент Садыр Жапаров бул боюнча өз позициясын билдирүүсү керек экенин айтты.
Дагы бир делегат Айтбек Курманов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, тууну өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан курултайда сүйлөгөн сөзүндө айтты.
“Спикер Нурланбек Шакиев былтыр ушул жерде өзүңүз “Бишкектеги төрт райондун атын өзгөртөбүз” деп убада бердиңиз эле. Мына бир жыл болду өзгөрткөн жоксуңар. Тууну өзгөрткөндүн ордуна ушуну алмаштыргыла. Башка аймактарда да чет тилде аталып жүргөн жерлерди өзгөртүш керек да”, - деди ал.
Негизи Курултай башталганга чейин эле делегаттардын көбү бийлик сүрөгөн бул демилгени колдобой турганын айтып жатышкан.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров да, тууну өзгөртүүгө жол ачкан мыйзам долбоорунун автору – спикер Нурланбек Шакиев да курултайдын биринчи күнү желек боюнча пикирин билдирген жок. Президент курултайдын биринчи күнүндө сүйлөгөндөрдүн суроолорун жазып алып, 16-декабрда жооп бере турган болду.
Ал курултайдагы сөзүндө Кыргызстанда аткарылып жаткан иштер, экономикалык абал боюнча маалымат берип, биринчи курултайда келип түшкөн 3182 кайрылуунун 358и аткарылганын, 2200у ишке ашып жатканын айтты. Садыр Жапаров элдин ынтымагы боюнча да кайрылуу жасады.
"Эл шайлаган президент катары мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде эл биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди жана ынтымактуу чыңдоого, диндер аралык толеранттуулукту жогорулатууга, экстримизмге бөгөт коюга багытталган жалпы улуттук системаны түзүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү милдетин коюп келе жатамын. Эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же кимдир бирөө өзүнүн даражасына, ээлеген кызматына карабай элибиздин ынтымагына доо кетирсе, ар улуттун ортосундагы достукту бузса, мамлекетибиздин алдында мыйзам чегинде катуу жоопко тартылат! Мен эч кимге Кыргызстандын элинин ынтымагына доо кетирүүгө жол бербейм", - деген президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталарын да айтып өттү.
Ал долбоордук техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүткөнүн, бул жолдун салынышы өлкөнүн бардык экономикалык тармактарына таасир этерин белгиледи.
“Кудай буюрса, жакында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталат. Темир жолдор аркылуу Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Афганстанга транзит менен жүк ташыган контейнерлерди ташуунун пилоттук долбоору улантылат. Ошондой эле “Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан” пилоттук контейнердик поездин ишке киргизүү маселеси каралууда”, - деди Жапаров.
Мамлекет башчы Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, курултайдын делегаттарына кандай маселе болбосун ачык айтууга чакырды. Делегаттардын бири, саясат таануучу Табылды Акеров Кыргызстандагы кадр саясатын сындады:
“Конституцияда премьер-министрдин кызматы унутта калган. Акылбек Жапаров баарын аткарып жатканы менен колу көп нерсеге жетпей жатат деп ойлойм. Кадр саясатында көп чабалдыктар кетип жатат. Мамлекет өзүнүн милдетин так аткара албай жатат. Мисалы, билим берүү жана илим министри 7-8 жолу алмашты. Акимдер катар-катары менен үч айга жетпей жумушунан алынып жатат. Бул чабалдыкты көрсөтөт”.
Курултайда саясий иштер менен камакта жаткандардын маселеси айтылышын күткөндөр да жок эмес. 7-декабарда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында жаткан Азимбек Бекназаров Курултайдын катышуучуларына кайрылуу жолдогон эле:
“Урматтуу делегаттар, жок дегенде Курултайда “кемпирабадчыларды ачык соттогула” – деп үн чыгарып койгулачы?!Бийликтин максаты мыйзамсыз жабык сот өткөрүп, эч ким билбегендей соттоп салуу же СИЗОдон биздин өзүбүздү сотко алдыртпай, өңчөй “дүжүр” адвокаттарды катыштырып туруп эле сыртыбыздан мыйзамсыз соттоп салуу болуп жатат. Бул жапайычылык!”.
Жыйындын биринчи күнүндө Азимбек Бекназаровдун өтүнүчү, саясий иш менен камакта жатат делгендердин маселеси айтылган жок. Негизи мурдагы президенттер жыл аягында журналисттерди топтоп, коомчулукту кызыктырган талаштуу суроолорго жооп берип жүргөн болсо, Садыр Жапаров эки жылдан бери Курултайды аянтча катары колдонуп жатат. Ушундан улам журналисттердин саясатка байланыштуу айрым суроолору жоопсуз калууда. Баткенден келген Аскаралы Мамадиев бул боюнча президентке суроо узатты.
“Мен билдирүүмдү сизден баштасам. Сиз жылына кыргыз элине маалымат жыйын берип келгенсиз. Быйыл массалык маалымат каражаттарынан “маалымат жыйын бербейт” деп эшитип атабыз. Бул биринчи суроом. Экинчиси, Баткендеги делегатыбыз тууну көтөрдү, ошого жооп берип койсоңуз”.
Жогоруда белгилегендей Садыр Жапаров делегаттардын суроолоруна Курултайдын соңунда, 15-декабрда жооп бериши керек.
695 адамдын башын бириктирген жыйын эки күн уланып, ар бир райондон үч кишиге сөз бериле турганы айтылды. Алар үч мүнөттөн сүйлөшү керек. Калгандар өзү келген айыл, райондун маселесин кат түрүндө калтырып, же ошол жердеги мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнө түз кайрылса болот. Билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу аларга келген кайрылуулар тууралуу буларды айтты:
“Бул Билим берүү жана илим министрлигинин убактылуу кеңсеси деп койсок болот. Мында болгон мекемелердин өкүлчүлүктөрү ачылган. Биз бир-эки сааттын ичинде эле 30 кайрылуу алдык. Айрым суроолоруна дароо жооп берип жатабыз. Бизге көбүнчө мектеп, бала бакчалар боюнча кайрылып жатышат”.
2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Айрымдар парламент турганда Курултай институту кереги жок экенин айтып келишет.
Жарандык активист Азият Жекшеев Курултайда мамлекеттик деңгээлдеги маселелер айтылбай, бийлик макталган жыйындардын бири болуп калды деп эсептейт.
“Эки жылдан бери өтүп жаткан Курултай жөн гана Садыр Жапаровду көкөлөтүү болуп калды. Ага тиешелүү эле маселе көтөрүлө турган иш чарага айланып калган. Ал жерге делегат болуп баруу да оор. Жергиликтүү бийликтин элегинен өтүшөт. Барсаң да каалаган сурооңду бере албайсың. Ушундан улам Курултайды бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө деп айта албайбыз”.
Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Экинчи Элдик курултайдын делегаты Айтбек Курманов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, тууну өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан курултайда сүйлөгөн сөзүндө айтты.