Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Акылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен мамилени чыңдоого кызыкдар экенин айтты


Лесли Вигери менен Акылбек Жапаров. Бишкек, Кыргызстан. 13-декабрь, 2023-жыл.
Лесли Вигери менен Акылбек Жапаров. Бишкек, Кыргызстан. 13-декабрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы, Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы активдешкендигин, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарлардын жана “Борбор Азия-АКШ” саммитинин жыйынтыгын канааттануу менен белгилешти.

Акылбек Жапаров Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Лесли Вигери эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Ал эки мамлекеттин башчыларынын “Борбор Азия-АКШ” саммитинин алкагындагы жолугушуусун жогору баалап, бул кездешүү кыргыз-америкалык мамилелерди чыңдоого жана илгерилетүүгө түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Акылбек Жапаров менен Лесли Вигери эки өлкөнүн ортосундагы келишим, виза маселелери жөнүндө сүйлөшкөн-сүйлөшпөгөнү айтылган жок.

Мунун алдында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов менен жолугуп, кыргыз жарандарына виза берүү процессин мындан ары оптималдаштыруу жөнүндө сүйлөшкөн.

Быйыл сентябрда “Борбор Азия-АКШ” саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чөлкөмдөгү өлкөлөр менен чогуу АКШнын президенти Жо Байден менен Нью-Йорк шаарында жолуккан. Мындай форматтагы бул окуя тарыхта биринчи ирет өткөн.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев буга чейин “жаңы келишимде талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар” десе, Вашингтон документке кол коюуга даяр экенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG