Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:32

Өкмөт көмүрдү байытуу менен ышты азайтууну көздөйт


Бишкектеги ыш. Январь, 2020-жыл.
Бишкектеги ыш. Январь, 2020-жыл.

Көмүрдү байытып, сапатын жакшыртуу ыш маселесин 50% чейин азайта алат.

Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медетбек Маметов 8-декабрда журналисттерге билдирди. Министр Кыргызстандагы ыш маселесин чечүү үчүн көп кадамдар жасалып жатканын белгиледи. Анын ичинде көмүрдү байытып, брекеттөө сунушу Энергетика министрлигине сунушталган.

"Биз бул жагынан Монголиянын мисалында иштейли деп жатабыз. Көмүрдү байытып, брекеттөө менен бизде ыш кеминде 50% азаят. Мындан тышкары Газпром ишканасынын көмөгү менен Бишкектин четиндеги жаңы конуштарды газдаштыруу иши жүрүп жатат. Үйлөргө газ киргизүүнү колдоо үчүн РСК банкы аркылуу керектөөчүлөргө 8% үстөк менен насыя берүү боюнча келишимге кол коюлган. Жылытуу системасын газга өткөрүү менен көмүр жагылбай, ыш маселесин чечүүгө бул дагы өбөлгө болот", - деди Маметов.

Кыргызстанда көмүрдү байытуучу завод куруу пландалып жатканын энергетика министри Таалайбек Ибраев да 8-декабрда маалымат жыйынында билдирген. Анын сөзүнө караганда мындай заводдор Кара-Кече, Беш-Буркан көмүр кендерине курулат.

Кыргызстандын борбору Бишкек акыркы жылдарда кыш түшкөн сайын дүйнөдөгү абасы эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет.

Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын "Бишкектеги абанын булганышы менен күрөшүү: абанын сапатын жакшыртуу боюнча жол картасы" деп аталган иликтөөсүндө айтылган.

Абаны негизинен улам саны көбөйүп бараткан автомашиналар, анын ичинен кичи автобусттар булгай турганы белгиленген. Алар чыгарган азот оксиди Бишкек жылуулук электр борборунун түтүнүнөн эки эсеге көп. Абалдан чыгуу үчүн иликтөөнүн авторлору автоунааларга техникалык кароо системасын киргизүүнү сунуштаган.

Быйыл шаардык мэрияга ышты азайтуу жана абаны таза кармоо үчүн кошумча укуктарды берилген. Ага ылайык, жаңы жылдан тарта мэрия шаардагы автоунааларга тиешелүү талаптардын сакталышын көзөмөлдөө укугуна да ээлик кылат. Мэрия ышты азайтуу максатында быйылкы Жаңы жылдык салют аттыруудан баш тартканын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG