Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Президент Жапаров “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады


Бүгүн, 4-декабрда Кыргызcтанда “Манас” эпосунун күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, эпосту жайылтуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы куттуктоосунда "Манас" эпосунун кыргыз эли үчүн мааниси, орду чоң экенин белгилеген.

"Манас" эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү! Кыргыз эли – “Манас” эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу. Биз үчүн улуу дастандын нукура элдик көркөм чыгарма катары да, элдин тарых-таржымалы катары да, улуттук идеологиянын башаты катары да мааниси зор", деп жазылган куттуктоодо.

Президент "Манас" эпосу Кыргызстандын желек, герб жана гимн сыяктуу эле орду бардыгын жана кыргыздын улуттук иденттүүлүк символу экенин белгиледи.

“Манас” эпосу “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинен турат. Эпостун манасчы Сагымбай Орозбаковдон 1920-жылдары жаздырылып алынган 19 миң саптан жана манасчы Саякбай Каралаевден жаздырылып алынган 937 миңден ашуун саптан турган варианты классикалык болуп саналат.

2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” эпосунун күнү деп жарыяланган.

2022-жылы 28-сентябрда “Манас” улуттук академиясы түзүлгөн.

2021-жылы “Манас” театры ачылып, “улуттук” макам алган, манасчылар, дастанчылар жана төкмө-акындар үчүн шарт түзүлгөн.

2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG