Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Быйыл Ысык-Көлдө эс алгандар 1,3 миллионго жетти


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Быйыл жайкы сезондо Ысык-Көлгө келип эс алгандар 1,3 миллиондой турист болгонун бүгүн 1-декабрда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров көл жээгиндеги эс алуу жайларынын ээлери менен жолугушуу өткөрүп, жайкы сезондун жыйынтыгын талкуулады.

«Биздин аймакта туристтер көбөйүп жатканы байкалууда, андыктан тейлөө сапатын жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. Негизги маселе – экологияны коргоо жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу. Бул багытта бардыгыбыз биргеликте иш алып баруубуз зарыл», - деди облус жетекчиси.

Ысык-Көл облусу боюнча 1127 эс алуу жайы бар, алардын 852си Ысык-Көл районунда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, 2022-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде эс алып кеткендер 1,2 миллион адам болгон.

XS
SM
MD
LG