Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Парламент желекти өзгөртүү долбоорун биринчи окууда кабыл алды


Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)
Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берди.

Долбоорго депутаттар Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Арсланбек Малиев, Кубанычбек Самаков, Максатбек Сарбагышев жана Эмил Токтошев каршы добуш берди.

Документтин авторлорунун бири, спикер Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирди.

Депутат Акылбек Түмөнбаев долбоорду талкуулабай эле биринчи окууда концепциясын кабыл алуу сунушун берип, колдоо тапты.

Дагы бир эл өкүлү Эрулан Көкүлов долбоор биринчи окууда шашылыш кабыл алынганын сындады.

“Дагы шашып кеттик. Суроолорду бере албай калдык. Желек деген биздики эле эмес да. Ар бир жарандыкы. Бул маселе референдум менен чечилиши керек болчу. Жогорку Кеңеш мындай чечимди өзүбүз кабыл албашыбыз керек. Мурдагыдай эле тартып-түртүп, суроолорду токтотуп туруп өткөрүп жибердиңер”.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

“Азаттык” радиосу YouTube платформасында желекти өзгөртүү демилгеси боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө. 29-ноябрга карата сурамжылоого 20 миң киши катышты. Алардын 78% учурдагы туу калсын деп добуш берди. 5% эки депутат сунуштаган, 14% президент сунуштаган вариантты колдоду. 3% депутаттар иштеп чыккан баштапкы вариантына добуш беришти.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG