Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Өкмөт тууну өзгөртүүнү колдой турганын билдирди


Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)
Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Комитеттин 28-ноябрдагы жыйынында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов баяндама жасады. Ал азыркы желектеги күндүн нурун күн карама деген сыяктуу түрдүү сөздөр айтылып келатканын билдирип, аны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөнүн айтты. Депутат туу өзгөртүлсө дароо эле көп чыгым талап кылынбай турганын, мамлекеттик символ бар китептер, башка документтер утур-утур алмашыларын кошумчалады.

Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов өкмөт долбоорду колдой турганын билдирди.

“Мыйзамды кабыл алып берсеңер биз аткарабыз. Мыйзамга ушул пункт киргизилсе бюджеттен көп каражат талап кылынбайт. Талап кылынса да ар бир министрлик, мамлекеттик мекеме иш аткарат”, - деди Абытов.

Желекти өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратып, Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы сессиясында депутат Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Көкүлов документти сындап чыгышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG