Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Быйыл Кыргызстанда 8 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-ноябрда Жогорку Кеңеште “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Маселе каралып жатканда 2023-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда сегиз миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын демилгечилердин бири, депутат Динара Ашимова билдирди. Анын маалыматына караганда, былтыркы жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8 620 учуру катталган.

"Бул расмий, катталган гана фактылар. Сиздер жакшы билесиздер, жабыркаган кыз-келиндердин көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылышпайт, жашырышат", - деди Ашимова.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам убактылуу үйдөн чыгуусу керектиги тууралуу жобо айрым депутаттардын суроосун жаратты. Ашимова адатта зомбулук көргөн аял балдарын алып төркүнүнө, курбуларына же кризистик борборлорго кеткен соң, кайтып келген учурлары аз болорун белгилеп, мунун арты ажырашууларга алып келип жатканын билдирди.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) октябрь айында жарыяланган баяндамасында Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Өлкө аталган индекстин мурдагы жылдардагы отчётторунда да ушул эле позицияны ээлеп келген.

Кыргызстандын статистика комитети жана бир катар уюмдар 3-4 жыл мурун жүргүзгөн сурамжылоолорго караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылганын айткан.

Ички иштер министрлиги эки жылда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG