Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:22

Өзгөндө жол кырсыгынан үч адам мүрт кетип, эки киши жаракат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Өзгөн районунда жол кырсыгынан үч адам мүрт кетип, дагы эки киши жаракат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, кырсык 14-ноябрда Бишкек-Ош жолунун 596-чакырымында болгон. Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда быйыл январь-сентябрь айларында 4,8 миң жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эсебинде, былтыр 7 040 жол кырсыгы катталып, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза тапкан.

Ушул жылдын март айынан тартып өлкөдө жол кырсыктарын азайтуу максатында эреже бузгандарга айып пул көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын көп катталышын соңку 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр сатылып, белек катары берилип келгени жана айып пулдун жеңилдиги менен байланыштырган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG