Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн бошоткон судья кызматтан алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Селекция айылында аялына мыкаачылык менен зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматтан алынды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 1-ноябрда кол койгон.

Судьялар кеңеши президентке аны кызматтан алуу сунушун октябрь айында берген.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялак жаза чарасын чегерип койгону аныкталган.

Токтомаматовдун мындай чечимине каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, 27-сентябрда шашылыш каралып, пробациялык жаза 8 жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG