Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Орусия жана Украина бири-биринин дрондору атып түшүрүлгөнүн билдиришти


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Коргоо министрлиги төрт дрон атып түшүрүлгөнүн, украин аба күчтөрү орусиялык жети дрону жок кылынганын билдиришти.

Орусиянын министрлигинин маалыматында, учак түрүндөгү дрондор 14-ноябрга караган түнү Москва, Тамбов, Орел жана Брянск облустарында атып түшүрүлдү.

Орел облусунун губернатору Андрей Клычков "инфраструктурага зыян келтирилбегенин, эч ким жабыркабаганын" билдирди. Калган аймактардын жетекчилери азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин орус аскердик мекемеси каршы тараптын дрондору тууралуу 12-ноябрда кабарлаган. Ошондо Белгороддун эки дрон жок кылынганы айтылган.

Украинанын Аба күчтөрү шейшембиге караган түнү орусиялыктар аннексияланган Крымдан аткан тогуз "Шахед" жанкечти дрондун жетөө атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Орус армиясы Запорожье облусунун оккупацияланган бөлүгүнүн аба мейкиндигинен "Искандер" баллистикалык ракетасын жана Х-35 ракетасын атканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG