Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел азыркы абалы тууралуу жазды


Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева ооруканадан үйүнө чыгып баргандан кийинки абалы тууралуу биринчи жолу жазды.

Ал балдары, жакындары жанында экенин белгилеп, акыркы абалын, окуяны кабыл алуу оор болуп жатканын белгилеген. Бирок балдары, алардын келечеги жөнүндө ойлонгондо кайратына келип, ишеними артып калганын айткан.

"Келечекте эки баламдын бой жетип, билимдүү болгонун элестетем. Операциялар менин мурдагы келбетимди калыбына келтирет деп ишенем. Ошондо балдарымдын бутүрүү кечелерине катышам. Алардын бактылуу жашоосуна күбө болгум келет. Менин келбетимди калыбына келтире албай калышабы деп абдан корком, бирок жакшы нерселерди ойлогонго аракет кылам. Мен өзүмдү күзгүдөн көрдүм. Ал түн мен үчүн абдан оор болду. Мындан кийин кайра көргүм келбейт", - деп жазган Асел.

Ал ушул күндөрү социалдык тармактарда талкууланып жаткан наристелердин сабалышы жөнүндө да өз оюн бөлүшүп, баланы уруп-сокпой эле, кандай маселе болбосун алар менен сүйлөшүү, түшүндүрүү керектигин жазган.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сегиз сааттык операцияны баштан кечирген Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып, жакында үйүнө чыкты. Дарыгерлер ага дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтышууда.

Укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, токтотуу талабын коюп жатышат. Буга чейин "Мен Аселмин" аттуу флешмоб уюштурушту.

"Азаттык" Асел кабылган окуя, анын себептери тууралуу берүү даярдаган. Анда Аселдин туугандары мурдагы күйөөсү ажырашканга чейин дагы бир топ кордук көргөзүп жүргөнүн айткан.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчётун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG