Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:36

Жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин дагы бири каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районундагы жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин дагы бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн 10-ноябрда “Азаттыкка” ишенимдүү булактар билдиришти.

Анын мээсине кан куюлуп, бир ыптасындагы кабыргаларынын баары, жоон саны сынган.

Аскер кызматкеринин өлүмү тууралуу Коргоо министрлиги маалымат бере элек.

9-ноябрда үч аскер кызматкери жол кырсыгына кабылып, алардын бирөө каза болгонун “Азатыкка” Коргоо министрлигинен билдиришкен. Каза болгон 22 жаштагы адам автоунааны айдап бараткан.

Жараат алгандардын бири Ош облустук ооруканасында, экинчиси Оштогу аскер госпиталында дарыланып жатканы кабарланган.

Алар Баткендеги № 12545 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткандар экени белгилүү болду.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтарга караганда, кырсык 7-ноябрга караган түнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон, каза тапкан жигит эки кызматташы менен бирге Ош шаарына жөнөп баратып катуу ылдамдыкта жүк ташуучу машинаны сүзгөн. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG