Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Айгүл Жапарова зомбулукту айыптаган билдирүү таратты


Асел Ногойбаеванын Айгүл Жапаровага берген белеги.
Асел Ногойбаеванын Айгүл Жапаровага берген белеги.

Президент Садыр Жапаровдун жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел Ногойбаевадан кабар алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал "коомчулук менен бирге мындай окуяларды кескин айыптай турганын" белгилеген.

Ошону менен катар "кыздарыбыз кайсыл жерде болбосун өздөрүн коопсуз сезиши керек" деп жазган.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

8 сааттык операцияны баштан кечирген Ногойбаева бир айдай ооруканада жатып, жакында үйүнө чыкты. Дарыгерлер ага дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтып жатышат.

Укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, токтотуу талабын коюп жатышат. Буга чейин "Мен Аселмин" аттуу флешмоб уюштурушту.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюму 24-октябрда өзүнүн 2023-жыл үчүн даярдалган отчетун жарыялады. Анда Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде 95-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен эң төмөнкү сапка жайгашты.

Кыргызстандын статистика комитети жана бир катар уюмдар 3-4 жыл мурун жүргүзгөн сурамжылоолорго караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылганын айткан.

Ички иштер министрлиги эки жылда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун билдирген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG