Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

"Күн кармаган бала" спектакли ТҮРКСОЙдун баш байгесин алды


"Күн кармаган бала" спектакли.
"Күн кармаган бала" спектакли.

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Баку шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 4-ноябрда кабарлады.

Аталган театр бул фестивалда “Күн кармаган бала” спектаклин көрсөткөн. Аны Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон.

Спектакль 2023-жылы Бишкекте "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында 17 спектаклдин арасынан баш байге алган. Оюндун айрым бөлүгүнө байланыштуу айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралган.

Министр Алтынбек Максүтов "Күн кармаган бала" спектакли тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу комментарий берип, сындап жаткандарды ошол спектаклди көрүүгө чакырган.

Бул спектаклде энеси баласын таштекке салып жуунтуп аткан учурда баланы ойногон актердун жылаңач денеси артынан кыска убакытка гана көрсөтүлгөн жери бар. Спектакль тууралуу маселе парламентте дагы көтөрүлүп, министрден түшүндүрмө талап кылган депутаттар да болгон.

XS
SM
MD
LG