Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

NBC News: Батыш Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын жана Европа Биримдигинин өкүлдөрү Украинанын Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу талкууларды баштады. Бул тууралуу NBC News телеканалы Кошмо Штаттарындагы азыркы жана мурдагы эки таасирлүү аткаминерге шилтеме кылып жазды.

Ага ылайык, "айрым бир аялуу талкуулар" өткөн айда 50дөн ашык өлкө кирген Укранинаны коргоо боюнча байланыш тобунун жолугушуусунда талкууланган.

Аталган телеканалдын булактары тынчтык мунасына жетүү үчүн Киев эмнеден баш тарта алышы мүмкүн деген жагдайда сөз болгон. Ошол эле маалда НАТОго мүчө мамлекеттер Орусияын агрессиясын чектөө максатында Украинага "коопсуздуктун кайсы бир кепилдиктерин" сунуштоого даяр экенин билдирген.

NBC News каналынын билдиришинче, мындай талкуулар Вашингтон менен Брюсселдин согуш каатчылыкка кептелип, Киевге мындан ары керектүү жардам берилбей калат деген кооптонуулардан улам башталган.

Каналдын ырасташынча, АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы дагы Украинанын күчү мокоп баратат деп тынчсызданууда. Ошол эле маалда Вашингтон Орусиянын президенти Владимир Путин Украина менен сүйлөшүүгө баруу ниетин көрбөй жатканын белгилеген

АКШнын бийлик өкүлдөрү Украинаны тынчтык сүйлөшүүлөргө барууга көндүрүп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

Буга чейин Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Эдриен Уотсон "сүйлөшүүлөр тууралуу кандай гана чечим болбосун, аны Украина кабыл алат. Биз өз эркиндигин, орусиялык агрессиядан эгемендигин коргоп жаткан Украинанын колдоону уланта беребиз", - деген.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу соңку маалыматтарга Киев менен Кремл комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG