Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

УКМК: Бишкекте сойкулукту калкалаган милиция кызматкерлери кармалды


Кармалган эки милиция кызматкери жана Пакистандын жараны. УКМК тараткан сүрөт.
Кармалган эки милиция кызматкери жана Пакистандын жараны. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкектеги сойкулук ишмердигин уюштурууга жана колдоого байланыштуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкери Ж.А.Р., Свердлов милициясынын кызматкери Ж.К.М. жана Пакистандын Х.М.И. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган милиция кызматкерлери Пакистандын жараны менен кылмыштуу бүтүмгө барып, сойкулук үчүн жайды уюштурган жана кармаган Пакистандын башка жарандарын калкалоого алып, ал үчүн системалуу түрдө акча алып жүрүшкөндүгү аныкталган.

Милиция кызматкерлери акыркы маалда Пакистандын жаранын “сойкулук кылганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз” деп коркутуп, андан 3500 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылышкан. Алар бул акчаны “ортомчу” аркылуу алып жаткан учурда кармалышкан.

Кармалган адамдардын иштеген жеринде керектүү тергөө амалдары жүргүзүлдү. Алар өздөрү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт боюнча иликтөө иштери уланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG