Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Кыргызстан КМШда эң аз пенсия төлөнгөн экинчи өлкө экени маалымдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

КМШ (көз каранды эмес мамлекеттер шериктештиги) арасында Кыргызстан эң аз пенсия төлөгөн өлкөлөрдүн катарында экени Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылды. Маалыматта белгиленгендей, Социалдык фонддун жана башка мекемелердин пенсия органдарында каттоодо турган пенсия алуучулардын жалпы саны бүгүнкү күндө 790 миңдей адамды түзүүдө.

КМШ өлкөлөрү ичинен эң көп орточо пенсия Орусияда (243 доллар) жана Казакстанда (219 доллар), ал эми эң азы Тажикстанда (32 доллар).

Тажикстандан бир тепкич жогору орунда Кыргызстан турат (орточо 77 доллар же 7 миң сомдун тегереги).

2017-жылы кыргыз өкмөтү жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган, ошондон бери анын өлчөмү улам жогорулоодо.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, соңку беш жылда орточо пенсия Кыргызстанда дээрлик 2,5 миң сомго көбөйдү. (RK)

XS
SM
MD
LG