Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Кызылчага каршы эмделгендер 76% жетти


Инфекциялык оорукана.
Инфекциялык оорукана.

Кыргызстанда кызылча (корь) оорусун токтотуу үчүн эмделгендер 95% болушу керек болсо, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 76% түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн 24-октябрда “Азаттык” радиосуна Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, 9 айдан 7 жашка чейинки жаш курактагы балдарды кызылчага жана кызамыкка (краснуха) каршы 18-сентябрда башталган кошумча эмдөө өнөктүгү Бишкек, Ош шаарларында жана Ош, Чүй облустарында жүрүүдө:

“Биз дагы бир айдан ашык жасайбыз. Бул эки айлык өнөктүк. Азыр жер-жерлерди кыдырып, эмделбей калган балдарды аныктап, эмдөөдөн өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү күнгө карата 460 миңдей бала эмделди”.

Жыл башынан бери 16-октябрга карата Кыргызстанда кызылча менен 2842 бейтап катталды (алардын 2628и балдар), бир ай мурда ооругандардын жалпы саны 2151 болчу. Оору эң көп катталгандар Бишкекте, Ошто, Чүйдө, Жалал-Абадда.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG