Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:41

Көлбаев жана Матраимов менен байланышта болгон 50 бажычы иштен айдалды


Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж.
Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаев. Коллаж.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымат таратып, алар Көлбаев жана Матраимов менен тыгыз байланышта болгонун жана ведомстволук буйруктарды бузганын билдирди.

Матраимов-Көлбаев байланышы тастыкталды

УКМКнын 18-октябрдагы тараткан маалыматына ылайык, криминалдын анабашы саналган Көлбаев жана жүк ташуудагы коррупциялык схема түзгөнү айтылып келген мурдагы бажычы Матраимов менен Мамлекеттик бажы кызматынын элүүдөй кызматкери байланышта болгон.

“Мамлекеттик бажы кызматынын элүүгө жакын кызматкери криминалдык авторитет Камчы Көлбаев жана мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды. Буга байланыштуу мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда аталган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулду”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атайын кызмат "мамлекеттик мекемелердеги абийирсиз кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу” ишин улантып жатканын кошумчалады.

Атайын кызмат жумуштан алынган кызматкерлердин аты-жөнүн, кызмат ордун тактаган жок. Ошондой эле Көлбаев менен Матраимов кандай байланышта болгону жана анын кесепетинен мамлекетке канча зыян келтирилгени тууралуу маалымат азырынча ачыктала элек.

“Коля Кыргыз” жана “Раим миллиондун” схемасы

Кримтөбөл Камчы Көлбаев менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тыгыз байланыштары тууралуу буга чейин эле айтылып, жергиликтүү жана эле аралык бир катар журналисттик иликтөөлөрдүн темасы болгон. "Азаттык" үналгысы баштаган бир нече маалымат каражаттарында аткезчилик схемасын түзгөн Матраимов аны криминалдын көмөгү менен ишке ашырып жатканы тууралуу иликтөөлөр жарыяланган. Бирок бийлик өкүлдөрү анда айтылгандарга көңүл бурган эмес.

2020-жылдары журналисттик иликтөөлөрдөн кийин бажыдагы коррупцияга каршы акцияларга чыгып жүргөн жарандык активист Нурсултан Акылбек алардын схемасын мындай чечмеледи.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

“Бизде контрабандалык товар келген эки эле дарбаза бар - бири Оштогу “Эркечтам”, экинчиси Нарындагы “Торугарт”. Ал жерде миллиардаган акча айланат. Көмүскө каражаттар, көмүскө акча болгон жерде сөзсүз түрдө криминал, кримтөбөлдөрдүн кызыкчылыгы болот. Журналисттер иликтөөсүндө Көлбаев менен Матраимовду өнөктөш, достор деп жазышкан. Мындан улам бири күч, бири акча камсыздаган союз түзүп алышкан десек болот”, - деди Нурсултан Акылбек.

4-октябрда атайын операциянын жүрүшүндө кримавторитет өлтүрүлгөн күнү кечинде Райымбек Матраимов да УКМКда сурак бергени кабарланган.

Жогорку Кеңештеги депутат агасы Искендер Матраимов бул маалыматты “Азаттыкка” тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес.

Коррупциялык карго түзгөн “Райым миллиондун” калкалоочусу Көлбаев экени “Азаттык” өнөктөштөрү менен бирге 2020-жылдын соңунда жарыяланган иликтөөсүндө дагы айтылган.

Анда журналисттердин бир нече булагы Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каганат” эс алуу жайы Көлбаевге таандык экенин, ал эс алуу жайында Матраимовдун вилласы барын ырастаган. 9-октябрда Көлбаевдин сансыз байлыгы деп жарыялаган УКМКнын тизмесинде “Каганат” эс алуу жайы да жүрөт.

Ошондой эле Матраимов түзгөн аткезчилик схеманын бетин ачууга көмөктөшүп, кийин киши колдуу болгон Айеркен Саймаити Көлбаев Матраимовдун “өнөктөшү жана коргоочусу” экенин айтып берген.

Көп өтпөй эле Саймаитинин Кыргызстандан Түркияга накталай акча ташыган курьери, кийин өзү белгисиз жагдайда киши колдуу болгон.

2020-жылы октябрь айында иликтөөчү журналисттер Болот Темиров жана Али Токтакунов “Матраимовдун Бажыдагы сансыз туугандары” деген иликтөө жарыялап, Матраимов кызматтан эчак кеткени менен схемасы иштеп жатканын баяндашкан. Журналист Болот Темиров журналисттердин соңку 4-5 жылдан берки жарыялаган иликтөөлөрү тастыкталып жатканына токтолду.

“Азаттык”, Клооп медиа, “Темиров лайф” сыяктуу медиалар көбүнчө Матраимов боюнча иликтөө жарыялаган. Анда иликтөөлөр бир топ суроолорду ачыктап берген. Эми бийлик аларды далилдеди. Менин угушумча Көлбаев өнөктөш катары аны калкалап жүрдү. Үч жыл мурун Токтакунов экөөбүз Матраимовго жакын балдар, кудасы, жээндери сыяктуу туугандары бажыда иштеп жатканын таап чыкканбыз”, - деди Темиров.

Иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөдөн алынган скриншот.

Көлбаевдин бажыдагы иниси

Эми Көлбаев менен мурдагы бажычы Матраимовду байланыштырган башка да жагдайларга токтолсок.

2020-жылы Түндүк-чыгыш бажыда жетекчилик кызматта иштеген Бакыт Асанбек уулунун туулган күнү делген видео социалдык желеде тарап, ал кримтөбөл Көлбаевдин иниси экени айтылган.

Ошол кезде бажы кызматы Бакыт Асанбек уулу кызматкери экенин тастыктап, бирок, Көлбаев менен тууганчылыгы боюнча жооп берген эмес.

Атын атагысы келбеген бажы кызматындагы мурдагы жетекчилердин бири буга чейин “Манас” бажысынын жетекчи орун басары болгон Бакыт Асанбек уулу кримтөбөл Камчы Колбаевдин бир тууган иниси экенин "Азаттыкка" тастыктады. Ал Бакыт Асанбек уулу соңку он жылдан ашык бажы тармагында иштегенин айтып, учурда бул системада иштеп-иштебегени тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Бажы кызматынын сайтында ал 2021-жылдары иштеп турганы жазылат.

"Азаттыктын" булагы учурда кызматтан алынган элүүдөй бажычы Бакыт Асанбек уулу менен байланышта болушу мүмкүн экенин айтты.

Мамлкеттик бажы кызматынан маалыматты тактоо үчүн байланышканыбызда, кызматтан кеткендер жана Бакыт Асанбек уулу жөнүндө маалымат бере албастыгын билдирди.

Kaktus.media басылмасы күч органдарындагы булактарына таянып, Бакыт Асанбек уулу кызматтан кеткен 50 бажычынын арасында болгонун жазды. Басылманын дагы бир булагы ал бир жума мурун өз каалоосу менен ишин тапшырганын айткан.

12-октябрда УКМК бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашевди дагы кармаган. Райымбек Матраимов Ош облустук бажысын башкарып турганда Карашев анын орун басары жана көздөй кадры болгон.

2019-жылы октябрда ал кызматынан дагы бир тепкичке жогорулап, Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 2021-жылдын апрелинде аталган кызматтан бошотулган.

2021-жылдын июнь айында Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) өнөктөштөрү Bellingcat жана "Клооп" менен биргеликте Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Замирбек Карашевдин байманалуу жашоосу тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бажычынын үй-бүлөсү декларацияда көрсөткөн мүлкүнө дал келбеген жашоосу көрсөтүлгөн.

Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин кримтөбөлгө байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун ондогон мүчөсү, ишкер, мурдагы депутат дагы кармалды. “Азаттыктын” булактары Нарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп кармалган Нурлан Омукеев Кытайдан жүк ташуу менен шугулданып жүргөнүн айтып беришти.

Ал эми Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов “жүк ташыган бир катар компаниялардын ишине кийлигишип, алардын кирешесинин болжол менен 30% кылмыштуу топтордун орток кассасына чогултууга катышып жүргөн” деген айып менен кармалды.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков бажы тармагы криминалдын каржылык булактарынын бири болгонун белгилейт.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

“Көлбаевдин жанындагы адамдар бажыдагы жетекчилер менен табакташ болгон. Көпчүлүк аткезчилик товарлар анын көзөмөлү менен кирип турган. Экинчиден, аларга (ред: бажычыларга) кандайдыр бир деңгээлде бийликке келүүдө жогорку аткаминерлер аркылуу колдоо көрсөтүп турган. Бажы менен кылмыштуу топтун мафиясы болуп калган. Ошондуктан бажы тазаланбаса чоң тоскоолдук жарала берет”, - деди.

Криминалдык чөйрөнүн лидери саналган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 4-октябрда өлтүрүлгөн Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын операциясынын мыйзамдуулугун Аскер прокуратурасы териштирип жатат.

Матраимов коррупция боюнча соттолгон

2021-жылы Улуттук коопсуздук комитети Матраимовго коррупцияга байланыштуу иш козгоп, ал бажыдагы башка кызмат адамдары менен 2016-жылдын башында коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. Сот чечимдеринде Матраимов күнөөлүү экени так жазылып турат. Ошондой эле чечимде Матраимов баштаган бажычылар ар бир машинеден 1800 долларга чейин алып жүргөнү айтылат. Алардын арасында Жогорку Кеңеште азыр депутат болуп отурган, мурдагы бажычы Нурлан Ражабалиев дагы бар.

Бажычылар боюнча сот чечими.
Бажычылар боюнча сот чечими.

Жакында эле Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышканы коомчулукта талкуу жараткан.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG